Баткен: Эки айдан бери дайынсыз болгон аялдын сөөгү табылды

Аймактым Кожонова

Эки айдан бери дайынсыз болгон Баткен шаарынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованын сөөгү 24-январда табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Нурлан Шайбек уулу кабарлады.

«Дайынсыз жоголгон Аймактым Кожонованын сөөгү өзү жашаган үйдөн 200 метр алыстагы тикендүү бүлдүркөндүн арасынан табылган. Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган», — деп билдирди Баткен ОИИБден.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кожонова жолдошу экөө 17 жаштагы кызын тумушка узатканы үчүн Баткен ШИИБге өткөн жылдын 20-ноябрында сурак берип чыккан. Арадан үч күн өткөндөн кийин

Кожонованын жакындары ал дайынсыз жоголуп кеткенин айтып милицияга кайрылган.

Баткендин милициясы сурак учурунда Кожоновага «эч кандай кысым болбогонун» билдирген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жаныбек Жалалов бул ишти жеке көзөмөлгө алып, өлкө боюнча жана коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда дагы издөө тууралуу маалым кат берилгени айткан.

Кожонованын артында алты баласы жана күйөөсү калды.