Мончодо зордукталган өспүрүмдүн окуясы Кыргызстанда болгон эмес — ИИМ

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлиги мончодо зордукталган өспүрүм боюнча окуя Кыргызстанда болбогонун кабарлады. Мындан сырткары ведомство окуя мындан бир-эки жыл мурун орун алып, бул факты боюнча айыптуу жоопкерчиликке тартылганын белгиледи.

«Окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке [окуя орун алган аймакка — ред.] суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан, кайсы жерде болгону, кимдер экени жана кабыл алынган чечимдер боюнча расмий түрдө билдиребиз», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан эки күн мурун социалдык тармактарда мончодо болжол менен 20 жаштагы жигит өспүрүм баланы зордуктап жатат делген видео тараган. Анда өспүрүмдүн кыргызчага окшогон сөздөрдү сүйлөп, зордукчудан жаман жорукту токтотууну суранган. Бул тасма коомчулукта кызуу талкууга алынып, милиция бул окуяны иликтеп жатканын маалымдаган.

Ал ортодо «Алтай жаңылыктары» басылмасы агасынын 9 жана 8 жаштагы балдарын мончодо зордуктаган бачабаз 14 жылга кесилгенин жазды. Орусиянын Алтай аймагынын Третьяковск районунун тургуну өткөн жылдын жай айында агасынын үйүнө жардамдашууга келген. Жумуш аяктаган соң ал агасынан эки баласы менен мончого барган.

«Жамандык ойлобогон жеңеси макул болгон. Мончодон ал эки өспүрүмгө сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган. Болгон окуяны балдар эртеси күнү апасына айтып, кийин ал укук коргоо органдары тарабынан кармалган», — деп маалымдайт басылма.

Ошондой эле, тергөө жана сурак учурунда айыпталуучу коюлган айыпты моюндаган. Сот аны 14 жылга катуу режимдеги түзөтүү абагына кескен.

2016-жылы Ош шаардык соту калаадагы медресенин 23 жаштагы мурдагы окутуучусу Нурсейит Калыбай уулун бачабаздыкка күнөөлүү деп таап, тогуз жаштагы баланы зордуктагандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыраткан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, диний мектептин тарбиячысы балага карата бир нече жолу зомбулук аракеттерди жасаган.

Бул иш боюнча айыпталуучу тараптын жактоочусу Жогорку сотко даттанган, бирок кийин ал Нурсейит Калыбай уулуна карата өкүм чыгарган Ош шаардык сотуна кайтарылып берилген.