Ысык-Көлдө кичи автобус кырсыктап, бир адам каза болуп, 8 киши жаракат алды

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 16 жүргүнчү бараткан кичи автобус 24-январда жол кырсыгына кабылып, сегиз адам жаракат алды. Ал эми 54 жаштагы аял каза болду. Мындан сырткары 6 жашар бала жандандыруу бөлүмүнө жаткарылды.

«Турмуш» басылмасы маалымдагандай, Каракол — Бишкек багытындагы маршруттук такси Күрмөнтү айылынын тушунда жол кырсыгына учураган.

Учурда жабыркагандар ооруканада дарыланууда. Кырсык болгон жерге район акими да барып кабар алган.

Буга чейин 23-январда ырчы Анжелика Кайратова да аталган облустун Балыкчы — Ананьево — Каракол трассасында жол кырсыгына кабылган.

Анын жол тандабасында 2 кызы жана курбусу болгон.

Кайратованын омуртка сөөгү жаракат алганы белгилүү болду. Кырсыктын эртеси күнү Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков ырчыга операция жасады.