Бишкектеги Орто-Сай базарын өрттөөгө шектелген киши кармалды

Сүрөт: Бишкек ШИИБ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Орто-Сай базарында эки кабаттуу имаратка өрт койгон шектүүнү кармады. Шектүү 41 жашта, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өткөн жылы 9-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарында өрт чыккан. Тилсиз жоо түнкү саат 2:00дө чектөөгө алынып, эртең мененки саат 9дар чамасында толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ өрт 1 800 чарчы метр аянтты каптаганын маалымдаган. Өрттөн улам соода күркөлөрү, тигүү цехи, дүкөндөр жана тез татым жайлары зыян тарткан.

Ал эми Бишкектин милициясы «Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» беренеси менен сотко чейинки өңдүрүштү баштаган.

Өткөн жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы Ош базарында өрт чыгып, Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан азык-түлүк саткан жай өрттөнгөн. Жабыркаган соодагерлердин бири тилсиз жоонун чыгышына электр зымдарынын тийишип кетүүсү себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.