ИИМ: Мончодогу зордуктоо Алтайдагы Кош-Агач айылында болгон

Иллюстративдик сүрөт

Мончодо зордукталып жаткан өспүрүмдүн тасмасы Орусиянын Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында тартылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ окуя кайсы жерде болгонун аныктоо үчүн Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылган.

«Бүгүн, жооп келди. Анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө WhatsApp мессенджеринде белгисиз жигитке карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан», — деп билдиришти ИИМден.

Кыргызстандын милициясы буга чейин да окуя өлкөнүн аймагында болбогонун божомолдогон.

Министрлик окуя 2019-жылдын 1-10-август аралыгында болгонун тактап кетти. Кылмышты Р. аттуу жашы жете элек бала К. аттуу башка өспүрүмгө карата Кош-Агач айылында жасаган. Бул окуя боюнча Алтай Республикасына караштуу Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү «Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармашкан.

Ал эми кылмыш иши айыптоо корутундусу менен 2020-жылдын 31-декабрында Кош-Агач райондук сотуна жиберилген. Учурда соттук териштирүү жүрүүдө.