«Спекулянт» дүкөндөрүнүн иши боюнча салык кызматынын инспектору кармалды

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 25-январда жеке менчик компаниялардын кызматкерлери жана жетекчилиги менен кылмыштуу келишимге барууга шектелип Бишкектин Свердлов районунун Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалган.

Кармалган жаран «Спекулянт» соода түйүндөрү жана «Н.Т.К» ЖЧКсына байланышкан иштин алкагында соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. «Н.Т.К» ЖЧКсына байланыштуу кеңири маалымат берилген жок.

Башкы прокуратура «мамлекеттик бийлик, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык схема түзүү аркылуу Кыргызстандын аймагына сактоо мөөнөтү өткөн тамак-аш азыктарын алып кирүү» фактысы боюнча тергөө уланып жатканын түшүндүрдү.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С» жана «Н» аталышындагы жоопкерчилиги чектелген компаниялардын эки кызматкери камакка алынган. Аларга коррупцияга аралашууга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү тапшырылган.

«Спекулянт» ЖЧКнын жетекчиси Василий Щербинага жана «НТК» компаниясынын директору Шахноза Якубжановага издөө жарыяланды. Аларга коррупцияга шектелгендиги тууралуу сыртынан билдирүү чыгып, сот аларды камакка алуу боюнча баш коргоо чарасын карады.

«Кылмыш иши боюнча бир нече экспертизалар жана салык текшерүүсү дайындалды, ага ылайык, компаниянын жетекчилиги, кызматкерлери жана башка адамдар тарабынан ири өлчөмдөгү зыян келтирилигени аныкталууда», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Орусия элчисинин реакциясы

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко элчилик «Спекулянт» соода түйүндөрүнүн айланасындагы чуулуу жагдайга көңүл бурганын билдирген.

«Спекулянттын» ээси болуп Орусиянын жараны Василий Щербина эсептелет.

«Болуп өткөн окуялардын чоо-жайын иликтеп жатабыз. Орусиялык бизнес өкүлдөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоого багытталган чараларды көрөбүз», — деп жазган элчи инстаграм барагында.

Дүкөндөр тармагынын ээси Kaktus.media басылмасына курган маегинде, алардын эл аралык өнөктөштөрү дагы өкүлчүлүктүн коррупцияга айыпталып жатканына тынчсызданып жатканын айтып берген.

«Орусиялык, белоруссиялык, казакстандык өнөктөштөрдүн катына эмне деп жооп бересиңер? Алар биздин келишимдин шарттарын толук аткарган жакшы өнөктөш экенибизди тастыктап жатышат», — деп белгилеген Щербина.

Ал мурдагыдай эле иш боюнча камакка алынган кызматкерлер мыйзамсыз кармалып жатканын, эч ким аргументтешкен далилдерди айта алган эмес деген пикирди карманууда.

«Спекулянттын» иши

Үстүбүздөгү жылдын январында «Спекулянт» дүкөндөр түйүнүн ээси Василий Щербина Садыр Жапаров, Орусиянын кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жазып кайрылган.

Ал 13-январда компаниянын кампаларына белгисиз адамдар басып кирип, документтерди тартып алып, эшикке мөөр басып кеткенин билдирген. Щербинанын айтымында, басып кирген белгисиз адамдар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн жана тааныштыруудан, кандайдыр бир документтерди көрсөтүүдөн баш тартышкан.

«Алар баарын сыртка кууп чыгышты, анын ичинде юрист дагы эшиктин сыртында калды. Имаратта болгону алты кызматкер калган. Имараттын ичиндегилерге дааратканага барууга, телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салышкан. Кызматкерлердин бири окуяны видеого тартууга аракет кылса, телефонун тартып алып, коркутып тарткандарын өчүртүштү», — деген ал.

Щербина кызматкерлердин бири милицияга кабарлаганга үлгүргөнүн, бирок чалуу кабыл алынганы менен эч ким келбегенин белгилеген.

«Алар офисти аңтарып-теңтерип, документтердин баарын алышты. Хаос болуп кетти. Андан кийин өздөрү ала келген каптарга салып, коркутуп-үркүтүү аркылуу кайсыл бир актыга кол койдурушкан. Акты менен тааныштырган дагы жок. Офистерден жеке буюмдарды, блок системаларды, компаниянын мөөрлөрүп алып кетишти», — деп жазылган кайрылууда.

Ишкердин айтымында, кийин ал адамдар өздөрүн Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана УКМКнын тергөө тобу деп тааныштырган.

«Чындыгында алар кимдер экенин биз түшүнбөй эле калдык. 2021-жылдын 14-январынан 15-январга караган түнү биздин эки эсепчи коррупцияга шектелип кармалган. Бирок биздин бухгалтерлерди айыптаганга эч кандай далил жок. Иштин материалдарында бир дагы укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери же чиновниктердин ичинен кармалган адамдар болгон эмес жана кандайдыр бир пара берүү фактысы дагы жок», — деп айткан бизнесмен.

Щербина Кыргызстанга кайтуудан кооптонуп жатканын белгилеген. Ал бардык айыптарды четке кагып, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар тууралуу маалыматты жалган жалаа деп атап, «башаламандык болуп жатканын» билдирген.

Кийинчерээк Башкы прокуратура «Спекулянт» Кыргызстанга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү киргизип сатып жүргөнүн, ал эми «белгисиз адамдар» — бул ведомстволор аралык тергөө тобу деп билдирген.«Спекулянт» дүкөнү Бишкекте 2017-жылдан тартып иштеп баштап, кафе, ресторан жана калаа тургундарын азык-түлүк менен камсыздап турган. Бул соода белгиси менен шаарда 6 соода түйүнү иштейт. Азыркы учурда алардын баары жабык турат.

Бизнеске кысым көрсөтүү

2020-жылдын октябрь айынын башындагы бийлик алмашкандан кийин белгисиз адамдардан турган ар түрдүү топтор өлкө боюнча өндүрүш ишканаларына жана пансионаттарга чабуул коюшкан. Жерүй, Метал-Кен, Терек-Сай кендериндеги кен казуучу компаниялардын мүлкү таланып-тонолуп, айрымдары өрттөлгөн. 2021-жылдын январь айына карата ИИМ талап-тоноого катыштыгы бар жана уюштурган адамдардын кармалгандыгы тууралуу кабарлай элек.

23-октябрда Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр катары бизнести криминалдан жана коорупциялашкан аткаминерлерден коргойм деп убадалап, бирок айыл тургундарынын талап-тоноолорун актаган болчу.

15-январда Экономика министрлиги 2021-жылдын 20-январынан тартып Кыргызстанда инвесторлорду колдоого, Кыргызстандын чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу имиджин калыптандырууга багытталган жаңы мыйзам ишке кирерин кабарлаган.

Жаңы мыйзамда инвесторлор менен түз сүйлөшүү үчүн инвестициянын босогосу төмөндөтүлгөн – 50 млн доллардын ордуна, эми 10 млн долларды түзөт.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

«Спекулянттын» ээси рейдерлик баскынчылык болгонун билдирди