Нарын: Кочкордо 23 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы Кочкор районундагы 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип анын күйөөсү кармалганын кабарлады.

Келиндин сөөгү 23-январь күнү Кочкор районундагы кыштоолордун бириндеги мал сарайдан табылган. Маркумдун сөөгүн Теңдик айылынын тургуну малын кароо үчүн келгенде көрүп калган.

Милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактап, ал Чүй облусундагы Сокулук районунун тургуну болуп чыкты. Укук коргоо орган кызматкерлеринин маалыматы боюнча, келин ур-токмоктон каза тапкан.

ОИИБден кабарлашкандай, «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргызстанда аялдардын өлүмү менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйгөн. ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен. Буга чейин Ысык-Көл облусунда күйөөсү жубайын муунтуп өлтүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА: