Бишкекте 19 от казан газга өткөрүлөт – мэрия

Бишкек мэриясы 28-январда «Газпром Кыргызстан» менен «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык чарбасынын от казандарын жаратылыш газына өткөрүү тууралуу меморандумга кол койгонун кабарлады. Эми 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 19 от казан газга өткөрүлөт.

Муниципалитет документ Бишкек шаары жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча өкмөт тарабынан бекитилген пландын алкагында иштелип чыкканын белгиледи.

Өкмөттүн планы 2021-2023-жылдарга эсептелген. Ага үч жыл ичинде мамлекеттик ведомстволор ишке ашырууга тийиш болгон 40 пункт кирет.

Анын ичинде, экологиялык факторлордун таасиринен улам калктын саламаттыгынын начарлашын анализге алуу жана абанын сапатын аныктоочу автоматтык мониторинг станцияларын сатып алуу пландалууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, муниципалитеттин мындан аркы аракеттери менен борбордук мончолор менен автоунаалар газга өткөрүлөт.

«Жаңы конуштардагы мончолордун баарын газга өткөрөбүз. Бул болжолдуу 205ке чукул мончо. Ошол жаңы конуштарда жашаган жеке ишкерлердин мончолору. Андан кийин каалагандардын жеке авто унааларын газга өткөрөбүз. Башка жеңилдиктерди карайбыз. Айтор байкап, ушул багытта иш жүргүзөбүз», – деди Түлөбаев.

Мэриядан «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын карамагында 66 от казан бар экенин, анын ичинен 21 от казан – көмүр жакса, 11 от казан – аралаш ыкмада иш алып барарын белгилешти. Жыл сайын от казандарды иштетүүгө шаардык бюджеттен 36 миллион сом бөлүнөт.

Кара түтүн менен кармаш

Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт. Зыяндуу бөлүкчөлөрдүн саны эбак эле ченемден ашып кеткен — бул тууралуу мындан он жыл мурда эле айтылган.

Кара түтүн жыл сайын актуалдуу маселеги айланып жатканына карабастан калаа бийлиги жана өкмөт маселени чечүүнүн конкреттүү чараларын көрө элек.

Мурдараак Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев смог менен күрөшө албай жатканын мойнуна алып, бишкектиктерди мэриянын демилгесин колдоого алып, борбор калаадагы кара түтүн маселесин чечүү үчүн өмөткө кайрылууга чакырган.

Өкмөт 6-январда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын 2021-2023-жылдарга планын бекиткен.

Ошондой эле, премьер-министрдин м.а. Артём Новиков борбор калаада абанын булганышынын себебин аныктоо үчүн Бишкеке ЖЭБин финпол тарабынан текшертүүнү демилгелегендердин бири.

Кийинчерээк Новиков финпол абага булганыч заттарды ашыкча бөлүп чыгаруу төрт гана от казандан аныктаганын айтып, маселе бийлик айткандай катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкаларда эмес, жагылган көмүрда экенин билдирген.

«Азыр негизги үлүштө – жергиликтүү көмүр, колориялуулугу боюнча төмөн. күлдүүлүгү болсо, тескерисинче төрт эсе көп. Ар бир көмүр тиби боюнча кемчиликтер бар», – деп белгилеген Новиков.

Мындай билдирүүгө «Кыргызкөмүр» ишканасы реакция жасап, Бишкек ЖЭБ колдонуп жаткан Кара-Кече көмүрүнүн Бишкектеги ышка тиешеси жоктугун кабарлашты.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт.

Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет.

Буга чейин бийлик ЖЭБди көмүрдөн газга өткөрүү варианты каралып жатканы билдирген. Ал эми Бишкекте 22-январда басма сөз жыйын өтүп, анда «Газпром Кыргызстан» ААКтын директорунун орун басары Арзымат Алдыяров эгер ЖЭБдин иши көгүлтүр отко которулса компания ага газды учурдагы тарифтен 20-25% чейин арзан берүүгө даяр экенин билдирди. Компания жылуулук борбору «газ менен сопсонун эле иштеп берет» деп ишендирет.

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиковдун айтымында ЖЭБди кайра жабдуулоо үчүн 3,5 млрд сомго чукул каражат керектелет, От казандарды алмаштыруу муктаждыгы жок: алар союздан бери калган, газ менен иштөөгө ылайыкталган.