Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков күбө катары УКМКга чакырылды

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков 28-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу «Клоопко» өзү тастыктап, атайын кызматтын чакыруусу менен баратканын билдирди.

Анын айтымында, ал суракка каржы полициясынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылган. Исаков сурактан кийин дагы маалымат берерин убадалады.

Буга чейин Исаков «Кактус Медианын» журналисти Марат Уралиев жана фактчекер Болот Темиров менен биргеликте финполчу Айбек Токоевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз баюуга» шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

Ошондой эле, Токоев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 18-мартка чейин камакта калтырылган.

Айбек Токоев — 2014-жылы каржы полициясынын Оштогу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, андан соң 2017-жылы финполдун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ал эми Токоев Каржы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчылыгына 5-октябрдагы өлкөдөгү башаламандыктан кийин дайындалган.

Тема боюнча:

Иликтөө. Финполчу кызматтан көтөрүлгөндөн кийин кантип байыган?

Финполдун экс-бөлүм башчысы Токоев эки айга камакка алынды