Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков УКМКга башка күнү сурак берет

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков УКМКга сурак берген жок. Буга анын белгиленген убакыттан кечигип келгени себеп болгон.

«УКМКга [суракка — ред.] мен айылдан келгем. Жолдон машинем бузулуп, белгиленген убакыттан кечигип келдим. Кызматкерлер графиктин өзгөрүп калганын айтышты. Кийин кайра байланышабыз дешти, бирок азыр байланышкан жок», — деп билдирди «Клоопко» Исаков.

Буга чейин Исаков УКМКга «мыйзамсыз баюуга» шектелип жаткан финполчу Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылганын кабарлаган. Ал Токоевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн 9-январда жарыялаган. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз баюуга» шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

Ошондой эле, Токоев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 18-мартка чейин камакта калтырылган.

Айбек Токоев каржы полициясына жумушка киргенден кийин анын жубайы жана туугандары байма-бай кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып турушкан. Кызматка келгенге чейин аларда дээрлик мүлктөр болбогондугу аныкталган.

Токоев иштеп жаткан органдын акыркы алты жылдагы расмий маянасы 25 миң сомдун тегерегинде, ал эми анын жубайы эч жерде иштебейт. Ошондой эле, анын жубайы сатып алган мүлктөр менен Токоевдин тапкан маянасы бири-бирине дал келбейт.

Иликтөөчүлөр финполчу менен телефон аркылуу байланышкан. Исаковдун Токоевге анын жакындарына катталган мүлктөр тууралуу салган суроосуна «аларга тиешем жок» деп жооп берген.

Тема боюнча:

4 млн долларлык мүлк. Журналисттик иликтөөдөн кийин финполдун бөлүм башчысы кармалды

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков күбө катары УКМКга чакырылды