Кыргызстандын «дини — Ислам». Мыктыбек Арстанбек Конституциядан «светтик өлкө» түшүнүгүн алып салууну сунуштады

«Нур» саясий партиясы Конституциялык кеңешмеге Баш мыйзамга Кыргызстандын «дини — Ислам» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу партиянын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек билдирди.

"НУР" саясий партиясын эн биринчи кадамы - конституциялык кеңешкеге “светтик” сөзү боюнча сунуш киргизди.

Опубликовано Мыктыбеком Арстанбеком Вторник, 26 января 2021 г.

«Кыргыз Республикасынын 85%ы мусулман экендигин эске алуу менен “Нур” саясий партиясы жазылып жаткан Конституциянын долбооруна төмөндөгүдөй сунуш берет: [...] Кыргыз Республикасы — эгемен, демократиялуу, унитардуу, укуктук жана социалдык мамлекет. Дини — ислам», — деп жазылат партиянын сунушунда.

Арстанбек бул демилгени Конституциялык кеңешмеде дагы көтөрдү. Бирок башка мүчөлөр бул сунушту колдогон жок.

Конституциялык кеңешмеде отурган Кыргыз илимдер академиясынын өкүлү Муратбек Иманкулов бул демилге Арстанбектин «саясий амбициялары» менен байланыштуу болгонун билдирди.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Зайырбек Эргешов «светтик өлкө» деген түшүнүк алмаштырылып калганын билдирди.

«“Светтик” дегенде көбүнчөсү “динсиз” деп түшүнүп алышкан. “Светтик” деген диндин мамлекеттен көз карандысыз болгонун жана башка диндерге тең мамиле кылууну билдирет. Эгерде “светтик өлкө” деген түшүнүктү алып салсак мамлекет динге байланыштуу маселелерге киришип баштайт. Бул нерсе СССР болгон», — деп түшүндүрдү Эргешов.

Кийинчерээк Мыктыбек Арстанбек «Vesti.kg» басылмасына Кыргызстанды «Исламдык өлкөгө» алмаштырууну сунуштабаганын билдирди. Анын айтымында, ал тарапташтары менен Баш мыйзамдан «светтик» деген түшүнүктү алып салууну сунуштаган.

«Конституциянын жаңы долбоорунда “светтик” деген сөз болгон, биз аны алып салууну сунуштадык. Ошол эле учурда мамлекеттик түзүлүш өзгөртүлбөйт — демократиялык жана унитардык түшүнүктөрү калат», — деп түшүндүрдү ал.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоого Мыктыбек Арстанбек даг катышкан. Ал добуш берген шайлоочулардын 1,74%на ээ болуп, үчүнчү орунга чыккан. Мындан тышкары, ал шайлоо программасында диний күн тартибин дагы сүрөмөлөгөн. Анын программасынын «Бүгүн ыймандын убагы» деген пунктунда «атеисттик караңгылыктан арылуу» тууралуу айтылат.

Негизги беттеги сүрөт: «Кактус» басылмасы