Нарын: Журналист Таалайбек Дүйшөналиев каза болду

Нарын облусунун медиа борборунун жетекчисинин газета жана сайт боюнча орун басары Таалайбек Дүйшөналиев 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы билдирди.

Ага ылайык, Таалайбек Дүйшөналиев 27-январда каза болгон.

Дүйшөналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика болүмун бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп баштаган.

Нарын райондук «Жеңиш» жана кайра ачылган облустук «Теңир-Too» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

1995-жылдын май айынан бери облустук «Теңир-Too» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Нарын облусунун аймактык медиаларды реформалоонун алкагында уюштурулган облустук медиа борборунун гезит жана сайт боюнча орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Буга чейин дагы журналист Бейшенбек Бекешов 27-декабрада 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бекешов 1988-жылдан тарта Улуттук телерадиокорпорациясында редактор, андан соң 2009-жылы ЭлТР МТРКда башкы директордун орун басары болуп эмгектенген.

Бекешовдун сөөгү 29-декабрада өзү туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы балбай айылында жерге берилген.