Алай: милиционерди сабап өлтүрүп, сөөгүн дарыяга агызып жибергендер кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Алай районунда 32 жаштагы милиционерди ур-токмокко алып өлтүргөн үч киши кармалды. Алар 54, 31 жана 32 жаштагы аталган райондун Будалык айылынын тургундары экени аныкталды. Ошондой эле, кармалгандардын бири буга чейин Орусияда «Каракчылык» беренеси менен соттолгону белгилүү болду.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 27-январда орун алган. Алай РИИБинин кызматкери окуя болгон күнү кечки саат 21:00дө жумуш убактысы бүтүп үйүнө кеткен. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум жумуштан кийин туулган күн белгилеп олтурган досторуна барган.

«Ал барган учурда баары [достор — ред.] спирт ичимдигин ичип отурушкан болот. Мас абалда сөз талашып мушташып кетишип, кармалган шектүүлөр көптөп маркумду сабап салышкан. Ал каза болгондон кийин кылмыш изин жашыруу үчүн денесин автоунаага салып, Гүлчө дарыясына агызып жиберишкен», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Милиционердин сөөгү эртеси күнү табылып, кароо жүргүзгөн учурда ур-токмоктун белгилери табылып, киши колдуу болгону аныкталган.

Ошондой эле, Ош ОИИБи кылмышка тийиштүү далил буюм катары милиционердин сөөгүн салып келген Nexia үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы тергөөгө өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктарды бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ал эми кармалгандар Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.