Алайда сабалып өлтүрүлгөн милиционердин сөөгү жерге берилди

Ош облусунун Алай районунда ур-токмокко алынып өлтүрүлгөн 32 жаштагы милиционердин сөөгү туулган жерине берилди. Маркум Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында туулган. Анын артында жубайы жана бир уул, бир кызы калды.

«Нурланбек Эркулов 2010-жылдан тарта Ички иштер кызматында эмгектенип келген. Кесиптештеринин арасында өз орду бар. Эркуловдун үй-бүлөсүнө Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп маалымдады Ош ОИИБден.

Буга чейин Алайда милиционердин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү маалымадалган. «Киши өлтүрүү» беренеси менен аталган райондун Будалык айылынын үч тургуну кармалган. Алардын бири буга чейин Орусияда «Каракчылык» беренеси менен соттолгону аныкталган.

Тема боюнча:

Алай: милиционерди сабап өлтүрүп, сөөгүн дарыяга агызып жибергендер кармалды