Курсан Асанов 21-мартка чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Сот чечими менен Асанов 21-мартка чейин ТИЗО-1де болот.

Асанов 26-январь күнү кармалган. Ал 2020-жылдын октябрь окуяларында массалык башаламандыктарды уюштуруу жана ИИМдин имаратын басып алууга шектелип жатат. Ошондой эле, адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асановго «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу» беренеси боюнча дагы айып тагылууда.

Буга чейин адвокаттары мыйзам боюнча Асановду камакка алууга болбостугун, анткени ИИМ министринин мурдагы орун басарына карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы (Кой-таш окуялары жана 2020-жылдын октябрь айында массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча) колдонулуп, эч ким тарабынан жокко чыгарылган эмес, ушул тапта юридикалык күчкө ээ экендигин билдиришкен.

«Азыр тагып жатышкан фабуланы мурда эле [12-октябрда] тагышкан. Ал учурда бул факт боюнча баш коргоо чарасы каралган болчу. Азыр баш коргоо чарасын кайра кароого булардын укугу жок болчу. Буга чейин тагылганды [айыпты], кайра тагып жатышат, болгону башка беренени коюп жатышат, бирок фабуласы бир эле: ал ички иштер министринин кызматын мыйзамсыз ээлеп алган деп жатышат, — деп кабарлады Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов.

Курсан Асанов деген ким?

Курсан Асанов 2011-2019-жылдары ички иштер министринин орун басары болгон. Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аны 2019-жылы 13-августта ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасынын негизинде ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан бошоткон.

Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы иш-аракети менен «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген жүйөө менен кызматтан алынган.

Асанов өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койбогонун жана өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди резиденциясын штурмга алуу учурунда колго түшүп берүүгө көндүргөн. Штурмдун жүрүшүндө спецназчылардын бири, «Альфанын» башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков ок тийип каза тапкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин 6-октябрда Курсан Асанов өзүн-өзү ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Ал ошондой эле ИИМдин кызматкерлери менен бир нече жолугушуу өткөрүүгө да үлгүргөн.

Ал эми 10-октябрда Асановду УКМКнын кызматкерлери кармаган — ал мындан бир күн мурдагы «массалык башаламандыктарды» уюуштурууга шектелген. 9-октябрдыга митингде Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликтеги УКТга каршы митингдин катышуучулары жана Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан.

Асанов кармалгандан кийин президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, баш коргоо чарасын Бишкек шаардык сотунда даттанган. Анда ал өлкө аймактарына үгүттөп бара алышы үчүн эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.