Акыркы суткада коронавирустун жаңы 76 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 31-январда коронавирустун жаңы 76 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 32;

Чүй облусу — 25;

Жалал-Абад облусу — 4;

Ысык-Көл облусунда — 8;

Ош шаары — 3;

Ош облусу — 3;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 84 529га жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 628.

Ошондой эле, акыркы суткада 115 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 65, Чүй облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 8, Ош облусунда — 8, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Нарын облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 80 896 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 586 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 26 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 702 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Чүй облусунан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 412 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде эки медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 173кө жетти, анын ичинен 4 090 медкызматкер илдеттен айыкты.