ТИМ: Казакстанга кирүү үчүн уруксат алууга негизсиз акча алган ортомчулар бар

Чет мамлекетке виза ачтыруу үчүн Казакстанга каттаган кыргыз жарандарына кошуна өлкөгө кирүүгө уруксат алуу үчүн негизсиз акы талап кылган ортомчулар чыгып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстан тарап чек арага чектөөлөрдү киргизгенден бери министрлик тарабынан эки миңден ашык кыргыз жаранына кошуна өлкөгө кирүү үчүн жардам көрсөтүлгөн. Бул иш Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине дипломатиялык нота жиберүү жолу менен ишке ашкан.

Бирок, айрым ортомчулар жана уюмдар аларга кайрылган жарандардан «Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат алыш үчүн министрликке акча төлөш керек» деген негизде акча алып жатышканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берүүчү дипломатиялык нота жөнөтүү үчүн акы төлөнбөй турганын билдирип, шек жараткан сунуш бергендерге ишенбөөгө чакырды.

Айрым чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин башкы кеңсеси Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында жайгашкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстан чек арасын былтыр жазында жапкан.

Бирок, Казакстан жакын арада Кыргызстан менен чектеш чек араларында бардык көзөмөл-өткөрмө жайларын ачууга даяр экенин билдирген.