Өзгөндө «телефонго алаксып» жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунун 44 жаштагы тургунун унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен киши 1-февралда кармалды. Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя мындан эки мурун орун алган. Ал эми жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.

«Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 37 жаштагы тургун "HONDA STEPWGN" үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, телефонго алаксып кеткен. Жыйынтыгында Лесхоз айылынын тургунун сүзүп алып, жабырлануучуга жардам берүүнүн ордуна аны алсыз абалда таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коркунучта калтыруу» беренеси менен катталып, кармалган тургун Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, шектүүнүн унаасы айып аянтчасына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин өткөн жылдын августунда Ош — Өзгөн автожолунда катталган жол кырсыгынан төрт киши каза болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 18 жаштагы айдоочу унааны башкара албай жолдун капталында токтотулган «SCANIA» жүк ташуучу унаасын сүзүп алган.