Жумгал: Пневмониядан чарчап калган 3 жашар бала коронавирус жуктурган эмес

Сүрөт: Жылдыз Айдаралиева

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылында үч жашар бала пневмониядан чарчап калды, бирок ал коронавирус жуктурган эмес. Бул тууралуу «Клоопко» Жумгал аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Таалай Үркүнчиев билдирди.

Анын айтымында, наристе буга чейин да аталган илдет менен жабыркап келген. Ал эми 19-январь күнү түштө ал ооруканага түшүп, саат 23:00 чамасында чарчап калган.

«Мурун да эки-үч жолу ушинтип катуу ооруптур. Бул коронавирус шарттаган пневмония эмес. Коронавирус шарттаган пневмония менен негизги пневмонияны алмаштырбагыла», — деди Үркүнчиев.

Ошондой эле ал, «аймакта балдар арасында коронавирус жок» деп ишендирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өткөн жылдын декабрь айында 7-17 жашка чейинки балдардын арасында COVID-19 жуктуруп алгандардын саны өскөнүн кабарлаган. 1-декабрга карата аталган курактагы балдар арасында илдеттин жалпы 320 учуру катталган.

Буга чейин өткөн жылдын июль айында өкмөт U07.2 кодуна кирген пневмонияны коронавирус шарттаганын моюндап, эки илдеттин статистикасын бириктирген. Ошол убакта коронавирус тастыкталбай, бирок пневмония менен ооругандар көбөйгөн. Кийинчерээк өпкөнү коронавирустун ПЦР-тестте тастыкталбаган түрү козгогону белгилүү болгон.

Андан соң, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен болчу, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан. ССМ муну статистикадан алынган өлүм учурларына башка оорулар себеп болгон деп түшүндүргөн.

Ал эми COVID-19га каршы күрөштү иликтеген комиссия 22-январда маалымат жыйын өткөрүп, өкмөт пандемия убагында бир нече ката кетиргенин билдиришти. Комиссиянын бүтүмүнө ылайык, каза болгондордун саны расмий маалыматтарга караганда алда канча көп — комиссия мүчөлөрү өкмөт өлүмдүн санын атайылап кыскартканын айттты.

1-февралга карата өлкөдө коронавирустун жалпы 84 588 учуру катталып, 80 987 киши илдеттен айыкты. Ошондой эле илдет 1 412 кишинин өмүрүн алды.