Бишкекте оор турмушка кабылган аялдар үчүн алгачкы кризистик борбор ачылат

Борбор калаанын бийлиги оор турмуштук кырдаалга, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар үчүн алгачкы муниципалдык кризистик жана реабилитациялык борбор ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбук барагына жазды.

Чыныбаева даярдалып жаткан реабилитациялык борбордун бир нече сүрөтүн чыгарды. Сүрөттөрдөн бөлмөлөрдүн биринде 3 алга деп үч бөлөк коюлган керебеттерди, жалпыга ылайыкталган ашкана жана ажааткананы көрүүгө болот.

«Балдар менен дагы жайгашса болот. Психологдор жана соцкызматкерлер иштейт, жарандык сектордогу өнөктөштөрүбүз менен эл аралык уюмдар дагы мындай аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бирге иштешүү ниетин билдиришти», — деп жазат вице-мэр.

Буга чейин шаар бийлиги Балдар жана жаштардын реабилитациялык борборунун мурдагы имаратында аялдар үчүн кризистик борбор ачуу маселесин талкуулаган. Анда Чыныбаева имаратка бала бакча же оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдарга арналган борборду жайгаштыруу варианты каралып жатканын айткан.

«Алар күндө балдары менен мэрияга келип, соцтурак жай сурашат, жумуш таба албай жатышканын, бала бакчага байланыштуу маселени чечип берүүнү суранышат. Шаардын тарыхында бир дагы муниципалдык социалдык жатакана жок, бейөкмөт уюмдардын борборлору гана бар», — деп белгиледи ал.

Учурда бүткүл өлкө боюнча ондон ашык кризистик борбору иштеп жатат. Ал жакта аялдар жана балдар тынымсыз байланыш линиясы боюнча психологиялык, юридикалык жардам сурап кайрылышса болот. Айрым борборлордо убактылуу баш калкалоочу жер да тапса болот.

Бүгүнкү күндө Бишкекте төрт кризистик борбор иштейт, алардын экөөсүндө баш калкалоочу жай бар. Алардын бардыгы коммерциялык эмес уюмдардын эсебинен каржыланат. Аларды каржылоого мамлекет катышпайт.

Өлкө бийлиги 2020-жылдын башында эле мамлекеттик кризистик борборлорун ачууну убадалаган. Бул убада коомдо күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан үч аялдын окуясы катталгандан кийин айтылган.