Бишкекте Мариповдун премьер болушуна каршы чыккандар митингге чыкты

Улукбек Мариповдун премьер болушуна каршы чыккандар. Сүрөт: Калида Кубанычбекова

Бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өттү. 50гө чукул адам премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповдун кызматка дайындалышына каршы чыгып, анын ордуна Артём Новиковду коюуну талап кылды.

Ошондой эле, митингчилер башкы прокурордун орун басары Нуркамал Набиевдин да кызматтан кетишин талап кылып, «бийликке коррупцияга аралашкандар келбеши керек» экенин билдиришти.

«Баары мыйзам чегинде жооп беришсин. Элдин канын ичип коррупцияга аралашкандар. Ичип-жегич Улукбек Мариповду кайсы бетиңер менен алдып келдиңер? Мурунку эле премьер-министр Артём Новиковду [Новиков буга чейин премьер-министрдин милдетин аткарган] алып келгиле», — деди митингчилердин бири.

Чогулгандар Марипов пандемия убагында Кыргызстанды карызга батырган коррупционердин баласы экенин жана ал кыргызды сазга батырат деп чочулашат.

«Садыр Жапарвду элдин ишеничин актайт, биздин үнүбүздү угат деп шайлаганбыз. Эл 4-революцияга чыдабайт. Эми энелер өзүбүз кошо чыгабыз. Митингге чыкканыбызга төрт сааттан ашты. Жогорку Кеңештен эч ким чыга элек. Урматтуу «чимкириктер» эч нерсени чече албасаңар мамлекеттин эсебинен акча албай кеткиле», — деди нааразычылыкка чыккандардын бири.

Ошондой эле, митингчилерге укук коргоо органдарынын өкүлдөру дагы көз салып турушту.

1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке эсепт палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду талапкерлигин карап, жактырган.

Марипов мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун 2001-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары баштаган. Кийинчерээк ал Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп иштеген. Ошондой эле, ал 2006-жылдан тарта президенттин администрациясында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да эмгектенген.

Авторлошу: Дилде Шатанова

ТЕМА БОЮНЧА

123 гектар жер, экс-депутаттын уулу, Шадиев менен байланышы. Марипов тууралуу эмне белгилүү?

Зарылбек Рысалиев Мариповдун чачы эмнеге агарганына кызыкты