Зарылбек Рысалиев Мариповдун чачы эмнеге агарганына кызыкты

Улукбек Марипов жана Зарылбек Рысалиев

Депутат Зарылбек Рысалиев көпчүлүк коалиция тарабынан өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан Улукбек Марипов мамлекеттик кызматтарга кимдин аркасы менен келгени тууралуу суроо узатты.

Депутат Мариповдун эмгек жолу дароо эле Каржы министрлигинен башталып, кийин президенттин администрациясында, президенттин аппаратында жана Эсеп паласында иштегенин билдирди.

«Атаңыздын күчү менен ушундай жерлерге келе жаткан жоксузбу?» — деп депутат суроо салды.

Өз кезегинде Марипов атасынын берген тарбиясына «сыймыктана турганын, өзү дагы ушундай балдарды тарбиялап өстүрсөм» деген ниети бар экенин айтты. Ал кандай гана кызмат болбосун өзүнүн принциптери менен иштегенин билдирди.

Ошондой эле депутат Мариповдун «беш жылда чачым агарды» деген сөзүнүн төркүнүнө кызыкты.

«Беш жылда чачым агарды дейсиз, эмне кыйналып чачыңыз агарды? Ошону айтып коюңузчу? Эмне кыйын иш болуп кетти?» — деп Рысалиев суроо берди.

Марипов анын чачы Эсеп палатасында жүргөндө агарганын билдирди.

«Ачыгын айтайын, эсеп палатасында беш жыл буга чейинки төрагалар иштебептир. Ага чейин деле чачым агарган… Канча министрликтер бар, канча укук коргоо органдары бар, текшерген кишилерди эч ким жакшы көрбөйт. Бирок сиздикиндей агара элек, өкмөттө иштесек ошондой агарат го деп жатабыз», — деп Марипов жооп кайтарды.

Улукбек Марипов ким?

Марипов мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун 2001-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары баштаган. Кийинчерээк ал Баткен облусунун ошол кездеги губернаторунун жардамчысы, Жогорку Кеңештин депутатынынын консультанты болуп иштеген. Ошондой эле, ал 2006-жылдан тарта президенттин администрациясында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да эмгектенген.

2011-2015-жылдары Марипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кийинчерээк президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдын март айынан тарта ал Эсеп палатанын төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Учурда Ош облусунун Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери. Ал эми анын бир тууганы Бакытбек Марипов 2020-жылдын 16-ноябрында Ноокат районунун акими болуп дайындалган.

Ошондой эле ал экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы болгону айтылууда. Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.