«Граф» атыккан миллиардер Алижан Ибрагимов коронавирустан каза болду

Алижан Ибрагимов

Казакстандык бизнесмен Алижан Ибрагимов коронавирустан улам 3-февралга караган түнү каза болду. Бул тууралуу «Eurasian Resources Group» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди — маркум бул компанияда директорлор кеңешмесинин мүчөсү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча 67 жаштагы Ибрагимов Белгияда дарыланып жүргөн. «Граф» каймана аты менен таанымал бизнесмендин сөөгү Чүй облусунун Токмок шаарына коюлат.

«Forbes» басылмасы Ибрагимовдун байлыгы 2020-жылдын октябрына карата 900 млн доллар түзөөрүн жазган.

Ибрагимов 1953-жылы Өзбек ССРинин Фергана облусунда төрөлгөн. Кийинчерээк анын үй-бүлөсү Токмок шаарына көчүп келген. Ал эми ишкердик кылууну 1989-жылы Казакстандан баштаган.

Атамбаев менен байланышы

Алмазбек Атамбаев

2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин депутаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «экс» макамынан ажыратып, анын кол тийбестигин алып салган. Буга чейин атайын депутаттык комиссия Атамбаевге карата алты айып тагып, Башкы прокуратура анын бешөөсүн кубаттаган.

Айыптоолордун биринде Атамбаев бизнесмен Ибрагимовго караштуу «Рассвет Компани» жана «Прогресс Компани» фирмалары аркылуу Бишкек ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташууга тиешелүү болгону айтылган. Буга мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын 2016-жылы 1-декабрда фейсбукта жазган посту себеп болгон.

Салянованын айтымында, Атамбаев 2014-жылкы Көчмөндөр оюндарында «Графка» анын компаниясы Бишкек ЖЭБге үзгүлтүксүз көмүр жеткирип турат деп сөз берген.