Кыргызстанда коронавирустун жаңы 116 учуру катталды — жалпы 84 762 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 3-февралда Кыргызстанда коронавирус 116 кишиден аныкталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында эки медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 54 (бир медкызматкер);

Чүй облусунда — 45 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 11;

Ош облусунда — 5;

Баткен облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 130 бейтап айыкты.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 55, Чүй облусунда — 41, Ысык-Көл облусунда — 20, Ош жана Нарын облустарында төрттөн, Ош шаарында үч, Жалал-Абад облусунда эки жана Баткен облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында COVID-19 жуктурган бир киши каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 762ге жетти. Алардын ичинен 81 232 бейтап айыгып, 1 415 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 533 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 32 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 646 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.