УКМК: Финпол 27 концентраторду менчиктеп алганы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети финполдун кызматкерлери 2020-жылдын июлунда чек арада кармалган аткез жүктөгү кычкылтек концентраторлордун бир бөлүгүн менчиктеп алышканын кабарлады. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 9 млн сом зыян келтирилген.

Чек арадан аткез жүктү алып өтүү аракетине чек ара кызматкерлери чара көрүп, токтотуп калышкан. Чек арачылар жүктөн 75 кычкылтек концентраторун жана акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын табышкан. Кийинчерек, УКМКнын маалыматына ылайык, жүктүн баары финполго өткөрүлүп берилген.

«Ишти мындан нары иликтөөдө финполдун кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, келтирилген зыяндын көлөмүн төмөндөтүп, ошондой эле жүктүн бир бөлүгүн атап айтканда 27 кычкылтек концентраторлорун бөлүп алышкан. Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча КЖБРге катталган», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан кошумчалашкандай, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке 7 млн сомдон ашуун өлчөмдөгү зыяндын орду толтурулду.

Комитет финполдун кызматкерлерине карата тергөө амалдары уланып жатканын дагы кабарлады.