Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүүгө шектелген тургун кармалды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында 54 жаштагы аял менен анын 29 жаштагы уулун өлтүрүүгө шектелген тургун Бишкек шаарынан кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин 2-февралдагы маалыматына ылайык, 26 жаштагы шектүү Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан эки күн мурун эне-бала өз үйүндө белгисиз тургун тарабынан өлтүрүлүп, шектүү изин жашырып кеткени кабарланган. Милиция маркумдарга кароо жүргүзүп, алар катуу нерседен баштарына алган жаракаттан улам каза болгонун аныктаган. Ошондой эле, ыкчам тергөө амалдарынын алкагында, кылмышка шектелген тургундун ким экени аныкталып, издөө амалдары жүрүп жаткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө уланууда. Мындан сырткары, тиешелүү экспертизалар да дайындалган.

Тема боюнча:

Ысык-Көлдө эне-баланы өлтүрүүгө шектелген тургун кармала элек