Ат-Башыдагы жол кырсыктан айдоочу менен милиционер каза болду

Ат-Башыда катталган жол кырсыгы

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3-февралда «Ауди С4« жана «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болду. Дагы үч киши ооруканага жеткирилди.

Нарын облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» берген маегинде кырсык Ат-Башы районунун Ак-Жар айылына караштуу Ак-Кокту аймагында болгонун билдирди. Анда «Ауди С4» үлгүсүндөгү унааны каршы тилкеде жогорку ылдамдыкта келе жаткан «Тойота Ипсум» унаасы келип сүзгөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен «Тойота Ипсумдун» айдоочусу Т.А. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми «Тойота Ипсумдун» ичиндеги милиция кызматкери М.А. Ат-Башы райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон», — деди маалымат катчы.

Ал эми жаракат алган дагы үч адам Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгына «Тойота Ипсум» унаасы себеп болгон.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Буга чейин дагы Ысык-Көл облусунун Түп районунда 16 жүргүнчү бараткан кичи автобус жол кырсыгына кабылып, бир киши каза болуп сегиз адам жаракат алган. Мындан сырткары 6 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.