Баткенде иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, 250дөй мал өлдү — ӨКМ

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сурма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, анын кесепетинен 243 кой-эчки өлдү. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 3-февралда орун алган.

Мекемеден маалымдагандай, шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоочу жай катары пайдаланып келишкен. Окуя болгон жерге куткаруучулар атайын тосмо орнотуп, мал ээлеринин макулдугу менен өлгөн кой-эчкилерди көмүп кетишти. Ал эми жабыркаган жана каза болгон кишилер жок.

Буга чейин Сүлүктү көмүр шахтасында үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болгон. Алар жоголгон малды издеп чыгып кырсыкка кабылган.

Мындан сырткары, 15-январда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунун шахтада топурак басып калган.