Карамушкина жаңы бийликти «камак менен суракта» этият болгула деп эскертти

Депутат Ирина Карамушкина күч түзүмдөрүнө кайрылып жарандар менен саясатчыларды суракка жана камакка алууда «этият» болууга чакырды. Ал 4-февралдагы парламенттин пленардык жыйынында саясий куугунтук тууралуу кеп козгоду.

Көптөн бери жыйындарга келбей жүргөн Карамушкина сөзүн «жаңы бийликке» мүнөздөмө берүүдөн баштады. Анын айтымында, жаңы бийлик өзүн «мыйзамды сыйлаган жана үлгүлүү жүрүм-туруму бар» бийлик катары көрсөтүүгө убада берген.

Андыктан депутат кыргызстандыктар саясий абалды жакшыртууда, экономикалык жана маданий өнүгүүдө «кескин» өзгөрүүлөрдү күтөт жана колдойт деп эсептейт.

«Бирок Алмазбек Атамбаевдин мурдагы тарапкерлерин камакка алуу уланып жатканы көпчүлүктүн үмүтүнө суу сээп жатат. Кандайдыр бир ойдон чыгарылган жүйөөлөр менен президенттикке талапкерлердин экөө камакка алынды — Курсан Асанов жана Абдил Сегизбаев. Мен бул саясий куугунтуктоолордун уландысы деп эсептейм», — деди эл өкүлү.

Ал Кой-Таш окуяларына айыпталган башка фигуранттар үй камагына чыгып, Атамбаевдин мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязов ушул күнгө чейин эмне үчүн камакта жатканына кызыкты.

«Ал 5-октябрда [9-октябрь] болгон башаламандыктарды уюштурган деген сөз акылга сыйбайт. Бул бийлик мыйзам чегинде иштеп, тартипти жөнгө салат деген ишенимге доо кетирет», — деп билдирди депутат.

Ошондой эле, Карамушкина 3-февралдан бир күн мурда күч түзүмдөрү үч блогерди суракка алганын, алардын экөө президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштегенин баса белгиледи.

«Бул атайылап басым жасалып жатканына толугу менен ишендирди. Ошол эле учурда 20 млн сом берген прокурор эркиндикке чыкты — бул деген мамлекеттин капчыгына кол салгандарга мунапыс берүү. Бийликке кайрылып, өткөндүн каталарын кайталабай, жаратмандыкка үйрөнүүгө чакырам», — деди ал.

Депутат бийлик жакшыртууга умтулганын мыйзам чегиндеги «реалдуу» өзгөрүүлөр жана бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн акыйкат иши менен гана көрсөтө аларын белгиледи. Ал жарандар мындай кадамды колдоп алат деп билдирди.

«Саясий репрессиялардан баары чарчады, бүгүн экономикалык кризис каптап турат. Көпчүлүктүн маанайы ансыз деле чөгүп турат, саясатчылар гана эмес, жөнөкөй жарандар дагы. Камакка жана суракка чакырууда этият болууга чакырам», — деди Карамушкина.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанова УКМКга суракка чакырылды

УКМК Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанованын үйүн тинтип, күйөөсүн кармап кетти

Абдил Сегизбаев эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди