УКМК Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанованын үйүн тинтип, күйөөсүн кармап кетти

Камакка алынган УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанова 3-февраль күнү эртең менен УКМКнын кызматкерлери келип кеткенин фейсбукка жазды.

«Аппараттарымдын баарын алып, тинтүү жүргүзүштү, күйөөмдү болсо УКМКга суракка алып кетишти», — деп кабарлады ал.

Асанова «бул өзүм билемдикти» Абдил Сегизбаевдин штабында иштегени менен байланыштырды.

Бул боюнча УКМК азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Сегизбаев менен Жапаровдун тиреши

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 30-декабрда өткөн дебат учурунда Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, ага бир катар курч суроолорду узаткан.

Сегизбаевдин өкүлү Айжан Мусаева 2021-жылдын 5-январында Жапаровдун салыктары боюнча маалымат берүүнү суранып Салык кызматына кайрылуу жолдогон.

Бул маалыматты суроого талапкердин шайлоо фондуна түшкөн 15 млн сом «жеке каражаты» себеп болгон. Бирок бул 15 млн сомдун салыгы төгүлгөн-төгүлбөгөнү боюнча маалымат азырынча ачыктала элек.

Сегизбаев 25-январда Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган.

Кайрылууда Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-январда Сегизбаевдин баш коргоо чарасын аныктаган. Соттун чечимине ылайык Сегизбаев сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 25-мартка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин ТИЗОсунда болот. Сегизбаевдин адвокаты бул чечимди мыйзамсыз деп сыпаттап, даттанууга аракет кылганынан майнап чыккан эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Сегизбаев парламенттин депутаттары Алмамбет Шыкмаматовду, Өмүрбек Текебаевди жана экс-башкы прокурор Аида Салянованы кылмыштарга айыптап, «аларды атайылап эл алдында жаман көрсөткөн».

Башкы прокуратура тергөө учурунда УКМК жана Аскер прокуратурасы Сегизбаевдин бул кылмыштарга катыштыгынын далилдерин алганын билдирген.

Абдил Сегизбаев мурдараак «президенттик шайлоого катышкандан кийин» ага карата кылмыш иши козголорун билгенин айткан. Ал кармалуудан коркпосун жана жарандык позициясын жашырбасын билдирген.