Абдил Сегизбаев эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди эки айга камакка алды. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.

«Сот [Сегизбаевди] УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизүү чечимин кабыл алды, 25-мартка чейин. Токтомду мага беришти, биз аны эртең даттанабыз. Сот менин даттануумду алгандан тарта 5 күндүн ичинде аны карап чыгышы керек», — деди Турдалиев.

Ал ошондой эле, «өлкөдөн миллиондоп уурдагандар» эч жакка чыкпоо шарты менен коё берилгенин, бирок «буга чейин мыйзам бузуулары жок болгон генералды» камакка алууну туура эмес деп ойлойт.

*Бул жерде Бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов тууралуу сөз болгону ыктымал. Матраимов коррупцияга шектелип 20-октябрда УКМК тарабынан кармалган. Бирок ошол эле күнү эч жакка чыкпоо шарты менен коё берилген. Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд сом кайтарып берди.

Абдил Сегизбаев «Белизгейт» окуясы жана 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алуу боюнча шектелип жатат.

Сегизбаев 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоого катышып, 1,46% добушка ээ болгон. Ал эми КТРКда өткөн теледебаттарда Сегизбаев талапкер Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин айткан.

Ал ортодо Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаеванын аялы Кыргызстанга келгенин анын жакын санаалаштары билдирип, чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашкан. Бирок бир нече убакыттан кийин сүрөт өчүрүлгөн.

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.