Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткарат

Айжан Садыркулова

Эсеп палатасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Айжан Садыркулова дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейинки төрага Улукбек Марипов премьер-министр болгондон кийин орду бош турган.

Садыркулова 2016-жылдан баштап Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеп келет. Ага чейин Улуттук банкта жана «Партнер» юридикалык фирмасында адвокаттын жардамчысы болуп эмгектенген. Ал 1979-жылы 15-апрелде Бишкекте төрөлгөн. Кыргыз-Орус Славян университетинен юриспруденция адистиги боюнча билим алган. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Айжан Садыркулова 2009-жылы каза болгон президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун кызы. Алгач укук коргоо органдары Садыркулов жол кырсыгынан каза тапканын айтышкан. Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири — кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин унаа кырсыгы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен атайын уюштурулганы айтылган.

2012-жылы Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган жети кишинин бешөө 5 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылган — алардын ичинде күч органдарынын кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү да бар. Калган эки айыпталуучу мунапыс менен жаза өтөөдөн бошотулган.