«УКМК азаматсыңар». Жапыкеев депутат Жумалиевдин кармалышы тууралуу

Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин 4-февралда күч кызматкерлери тарабынан кармалганына комментарий берди. Жапыкеев 2020-жылдын май айында эле, ал убакта «Чоң Казат» кыймылынын лидери болуп турган кезинде депутаттын «коррупциялык алдамчылыктары» тууралуу айтып, «мыйзамсыз тапкан» мүлктөрүн тартып алууну талап кылган. Ал эми Финполду жетектей баштагандан кийин Жапыкеев саясатчыны жоопкерчиликке тартуу аракетин көргөн.

*Учурда финпол иштеп жатабы, Жапыкеев дагы деле мекеменин жетекчисиби-жокпу белгисиз. 3-февралда президент жана парламент тарабынан жактырылган Улукбек Мариповдун өкмөтүнүн курамында бул мамлекеттик орган жок.

Кайрылууда Жапыкеев фейсбук колдонуучуларына УКМК менен Финполдун ыйгарым укуктарын түшүндүрүп берген. Ал комитет коррупция жана өтө оор, «маанилүү» кылмыштарга каршы, ал эми Финпол экономикалык кылмыштар менен күрөшөрүн, бирок кимдир бирөөнү камакка алуу кыйынга турат деп жазган.

«Финпол депутатка алыбыз жетпесе да балдарын камаганбыз, бирок ал да сот аркылуу чыгып кеткен. Бүгүн Жумалиевди Коррупцияга каршы кызмат басыптыр, бир чети туура болду, УКМКнын мүмкүнчүлүгү көп, ТИЗОсу да бар, өздөрү изилдешсин. Коррупция менен Коррупцияга каршы кызмат күрөшөт, мыйзам ошондой», — деп жазды Жапыкеев.

Финпол буга чейин Жумалиевге жана анын туугандарына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ага чет өлкөлүк «М.Г.БВ» компаниясынын башчысы болгон «Б.Ф.» аттуу немис инвесторунун арызы себеп болгон. Депутат Жумалиевдин уулу менен туугандары кармалып, кийин үй камагына коё берилген.

Жапыкеев аны акыркы күндөрү каралап жаткан «ушактар» боюнча дагы комментарий берди. Ал чагымчылдыкка алдырбоого жана тынч болууга чакырды. Анын айтымында, «ал жумушка жабышкан жок», бирок финпол өкмөттүн курамында калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Достор, сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуулукка чакырам. Мына акчага таянган маал өттү, миллиардер "Граф" коронавирустан өтүп кетиптир, ыйманы саламат болсун, миллиардер Жумалиев кармалды. Коррупция менен күрөш накта башталды. Азаматсыңар, УКМК!!!» — деп жазды ал.

Финполдун мындан аркы тагдыры тууралуу маселе Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн курамы депутаттарга сунушталгандан кийин көтөрүлгөн. Ал сунуштаган министрлер кабинетинин түзүмүндө Финпол болгон эмес. Орган жоюлат же ИИМдин курамына кирет деген божомолдор айтылган. Анда Жапыкеев бул маалыматка ачуусу келген.

Марипов өкмөттүн курамы 3-февралда парламенттин пленардык жыйынында каралып жатканда дагы финпол тууралуу так маалымат берген эмес. Депутаттар Мариповдун программасын, өкмөттүн курамын жана түзүмүн жактырган, бирок Финполдун маселеси каралган эмес. Жапыкеев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Финполду жетектеп калган.

Жумалиевдин кармалышы

УКМКнын кызматкерлери депутат Жумалиевди 4-февраль күнү кечинде кармашты. Ал абалынан кыянат пайдаланууга жана Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Бул окуу жайы депутатка таандык.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жумалиев лицензия алуу үчүн билим берүү министрлигине «кысым көрсөткөн». Депутатты дароо Биринчи май райсотуна алып келишип, сот аны тергөө абагына эки айга камакка алууну чечкен.

УКМК маалымдагандай, мындан тышкары Жумалиев, ага байланыштуу адамдар жана чарба субъектилери «мыйзамсыз» байышкан, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган жана ири өлчөмдөгү салыктардан качышкан.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатка, анын жакындарына жана байланышы бар адамдарга тиешелүү 78 кыймылсыз мүлк объектилери жана түрдүү компаниялар аныкталганын белгилеген.

Анын ичинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана металлургия комбинаты бар.

Андыктан Жумалиев Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча «Коррупцияга» шектелүүдө.

Жапыкеев vs Жумалиев

2020-жылдын май айында өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырган Сыймык Жапыкеев Жумалиев коррупциялык иштерге аралашкан жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдирген.

Анын айтуусу боюнча, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар. Мындан тышкары Жапыкеев Жумалиев мүлкүн күмөндүү жол менен тапкан деп айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

Кийинчерээк ИИМ Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин айткандарынан зомбулукка жана массалык акцияларга чакырыкты тапкан. Ал эми Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген.

Ал учурда «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактарындагы барактарында парламентарийдин болжолдуу мүлкү жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Мындан тышкары, «Экономист» басылмасы да Жумалиев жана анын жубайына таандык болгон 50 фирма тууралуу маалымат чыгарган. Андан кийин эле финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттоого алган. Ошондой эле, финпол Жумалиевдин үйүн тинтүүгө алган.

Мындан кийин Жумалиев «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылган. Депутаттын адвокаты арыз «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

Ага карабай, сот Жумалиевдин үйүндөгү тинтүү иштерин мыйзамсыз деп таап, ЭКККМКнын кызматкерлерине карата жеке аныктама чыгарып берген. Кийин тинтигүүгө уруксаат берген ЭКККМКнын тергөөчүсү Наргиза Артышова иштен четтетилген.

2020-жылы августта сот парламентарийдин Жапыкеевге карата койгон доосун жарым-жартылай канааттандырган. 6-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жапыкеевдин депутаттын дарегине айткан сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тааныган.

Сот ошондой эле активистти 10 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган, ал эми депутат Жумалиев 10 млн сом өлчөмүндө доо койгон эле. Мындан тышкары, судья Жапыкеевди фейсбук барагында өз сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирген.