Улукбек Марипов Беларус, Өзбекстан жана Армениянын өкмөт башчылары менен жолукту

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Улукбек Марипов 5-февралда Алматыга болгон алгачкы сапарында Өзбекстан, Беларус жана Армениянын өкмөт башчылары менен жолукканын кабарлады.

Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен Марипов кыргыз-беларус мамилелерин талкуулады. Мындан тышкары, Марипов менен Головченко «жакынкы арада» Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.

Марипов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен дагы жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчылар айыл чарба, экономикалык жана транспорт тармактарында кызматташтыкты талкуулашты.

«Биз Өзбекстан менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун аягында Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары эки өлкө тең кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча имселесинин үстүндө иштөөгө даяр экенин билдиришти.

Өкмөт башчысы Улукбек Марипов Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен дагы жолугушуу өткөрдү. Марипов менен Пашинян эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин жана кыргыз-армян экономикалык байланыштарын кеңейтүү керектигин талкуулашты.

Улукбек Марипов өкмөт башчылык кызматка Жогорку Кеңештин жактыруусунан кийин 3-февраль күнү президент Садыр Жапаров тарабынан бекитилген. Кийинчерек Садыр Жапаров телеграм каналында өкмөттү реформалоонун алкагында, жакынкы жарым жылда өкмөт башчылык кызмат жоюулат деп билдирген.