Нарын шаарында «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн» атып кетишти, шектүү кармалды

Нарын шаарында 6-февраль күнү 31 жаштагы кишини атып кетишти. Ал жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Маркум УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган.

«Кактус» басылмасынын маалыматы боюнча маркумду уюшкан кылмыштуу топтун башка бир мүчөсү атып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү эки жыл мурунку окуя боюнча өч алууну каалаган.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» билдиргендей, жабырлануучу «Мерседес-Бенц» автоунаасынын жанынан табылган.

«Кече саат 20:40 чамасында 102 кызматына белгисиз жаран чалып, Москва аймагынан белгисиз адамды атып кетишти деп кабарлаган. Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам иликтөө тобу барган учурда ал сол моюн жаак тарабына жана көкүрөк тушуна ок жегени аныкталган. Тез жардам кызматы ооруканага алып бара жатканда каза болгон», — деди ал.

Эсенгулова кылмышка шектүү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын билдирди. Ал «ИЖ-20» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар «Лексус GS 300» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу кармалды. Ал да Нарындын тургуну болот. Нарын ОИИБи «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Буга чейин дагы Нарын шаарында ок атышуу катталып, бир адам бутунан жаракат алган. 23 жана 21 жаштагы тургундар пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. 21 жаштагы тургун жанындагы куралды алып чыгып атканда, ок чыгып көчөдө турган башка тургундун оң бутуна тийип кеткен. Андан кийин ал дагы бир жолу куралды урушуп кеткен тургунга багыттап ок чыгарганы жатканда, ал колунан кармап тоскоолдук кылган. Ок анын курткасын тешип өтүп кеткен.