Акыркы суткада коронавирустун жаңы 42 учуру катталды, беш бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 8-февралда коронавирустун жаңы 42 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 32;

Чүй облусу — 4;

Жалал-Абад облусу — 2;

Нарын облусу — 1;

Талас облусу — 1;

Ош шаары — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 113кө жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 457.

Ошондой эле, акыркы суткада 79 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 33, Чүй облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда — 1, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 14, Нарын облусунда - үч бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 81 714 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 459 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 31 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 572 киши дарыланып жатат.

Акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч, Чүй жана Ош облустарынан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 431 киши көз жумду.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынан беш медкызматкерден коронавирус аныкталды.  Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 187ге жетти, анын ичинен 4 102 медкызматкер илдеттен айыкты.