«Азырынча эч нерсе жасай элекмин». Жапаров портретин илбөөнү сунуштады

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун портретин мамлекеттик органдардын имараттары менен иш бөлмөлөрүндө илип-илбөө керектиги боюнча билдирүүсүн жарыялады.


«Садыр Жапаров “жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин” деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт», — деп белгилейт Галина Байтерек.


Анын ордуна Жапаров мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүүнү сунуштады.

Негизи мамлекеттик мекемелерде президенттин портрети, байрак жана өлкөнүн гимни илинет. Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өттү.