Нарындагы киши өлтүрүү. Шектүүнүн айдоочусу милициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты

Шектүүлөр. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Нарын шаарында 31 жаштагы «уюшкан кылмыштуу топтун» мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген кишинин айдоочусу мурда милицияда иштегени белгилүү болду. Бул тууралуу «Кактус» басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, ал милициянын күзөт кызматында иштеп жүргөн.

6-февралда Нарын шаардык милициясына Москва аймагында «Мерседес-Бенц» унаасын айдоочусун атып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Соцтармактардын колдонуучулары маркум «Арзы» каймана аты менен таанымал УКТнын мүчөсү Арзыбек Сыдыков болгон деп жазышкан.

Арзыбек Сыдыков

Кылмышка шектелип «Назар» аттуу Нарындын 25 жаштагы тургуну кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү Сыдыковдон эки жыл мурунку окуя боюнча өч алууну каалаган. Мындан сырткары кылмышка тиешеси бар «Лексус GS 300» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу да кармалган.

Өткөн жылдын март айында Нарында «Лимонти» каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов киши колдуу болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүү Талгат Шамиев «Лимонтини» өч алуу максатында өлтүргөн.

*Талгат Шамиев атасы Имангазы Шамиевдин 1998-жылы Сулаймановдун колунан каза тапкан.

Талгат Шамиев күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, ошол күнү ал Сулаймановдун унаасын сүзүп алгандан кийин алардын ортосунда чыр чыкканын айткан. Айыпталуучунун айтымында, «Лимонти» ага бычак саюуга аракеттенгенгенде ал куралды колунан жулуп алып кримтөбөлдүн өзүнө кол салган.

Аталган ишти милиция бир жылдай тергеп Нарын райондук сотуна 2-февралда өткөрүп берди.