Орусияга учактар аптасына алты жолу каттайт. Аба каттамдарынын жадыбалы

9-февралдан тарта Орусияга түз учкан туруктуу каттамдардын саны аптасына 6 рейске чейин көбөйөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандарын шаршемби, жума, жекшемби күндөрү «Авиа Траффик Компани» жана шейшемби, жума, жекшембиде «Аэрофлот» компаниясы ташыйт.

«Орусиянын талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына кирээрге 3 күндөн (72 саат) кем эмес мезгилде коронавируска карата ПЧР тесттин терс жыйынтыгын алышы керек», — деп жазылат «Манас» аэропортунун маалыматында.

Мындан ташкары, «Аэрофлот», «S7» жана «Урал аба жолдору» авиа копаниялары тарабынан Орусиянын жана Кыргызстандын жарандары үчүн атайын шарттардын негизинде чартердик каттамдар аткарылууда.

Орусия Кыргызстан менен болгон аба каттамдарын 2020-жылдын март айында жапкан. Кайрадан туруктуу каттамдар 2020-жылдын 21-сентябрынан тартып жандандырылган. Ал убакта Орусиянын коронавируска каршы штабы учактар Бишкекке аптасына бир жолу каттап турарын билдирген.

Жыл башында Транспорт министрлиги Кыргызстан — Орусия багыты боюнча аба каттамдарынын баасы кеминде эки эсе өскөнүн кабарлаган. Ошол эле учурда айрым кардарлар алдамчылардын курмандыгы да болушууда. Укук коргоо органдары Орусияга учуп кетүү үчүн жасалма медициналык тактамаларды жасалмалоого шектүү деп финполдун мурдагы кызматкерин кармады.