Орусияга кетүү үчүн документтерди жасалмалаган финполдун мурдагы кызматкери кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Орусияга учуп кетүү үчүн жасалма медициналык тактамаларын жасалмалаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүү Бишкектеги «Беш-Сары» соода борборунда жайгашкан «Тумар» авиакассасында иштеп жүргөн. Ошондой эле, ал Каржы полициясынын мурдагы кызматкери болгону аныкталды.

«Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган. Шектүү Ж. А. жабырлануучуларды алдап, кандайдыр-бир документтерди сунуштап, Орусияга учууга жардам бере турганын айткан», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Тергөөнүн жүрүшүндө милициянын тергөө кызматына жабырлануучулардын бири кайрылып, 46 миң сомго «Бишкек — Москва» багыты боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алганын билдирген.

Учурда бул окуя боюнча «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин Каржы полициясы Кыргызстандан Орусияга авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп жатканы боюнча териштирүү баштаган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги авиакассалардын бири «Бишкек — Москва» багыты боюнча билеттин баасын 67 миң 800 сомго чейин негизсиз жогорулатканын аныкташкан.

Орусия Кыргызстан менен авиакаттамын 21-сентябрдан тартып жандандырган. Ал убакта Орусиянын коронавируска каршы штабы учактар Бишкекке аптасына бир жолу каттап турарын билдирген.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Орусияга Кыргызстандан аптада бир эле жолу каттам болгондуктан билеттердин баасы кеминде эки эсе жогорулаган.

Учурда билеттердин баасы 25 миң сомдон башталып, 130 миң сомго чейин жетет.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» авиакомпаниялары 8-февралдан тартып аптасына үч каттамдан уча турганын билдирген.