Жалал-Абад: Таятасы зордуктап, таенеси кордоду делген майып кыздын окуясы териштирилүүдө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын тургуну Алтынбек Артыкбек уулу анын майып карындашын ур-токмокко алып, зомбулук көрсөтүп келген таенеси менен таятасынын үстүнөн милицияга даттанды. Бул тууралуу «Клоопко» Артыкбек уулунун жактоочусу Шердор Абдукапаров билдирди.

Мындан сырткары, Артыкбек уулу видеокайрылуу жасап, ата-энеси каза болгондон кийин бир тууган карындашы менен таята-таенесинин колунда калганын айткан.

«Карындашым таенемдердин колунда зомбулук көрүп жүрөт. Карындашымдын эки буту майып. Таятам да аны зордуктап жүрүптүр. Бул тууралуу аудиожазуу бар. Мыйзам алдында жооп беришсин», — деп кейиген Артыкбек уулу.

Артыкбек уулу карындашы менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда, ал таятасы тарабынан зордукталгандыгын айтып берген.

Жактоочу билдиргендей, Артыкбек уулу учурда курулушта иштеп, өзүнчө жашайт. Буга чейин карындашын өзү менен алып кетүүгө таенеси уруксат берген эмес. Мунун себебин ал кызга майыптыгы үчүн берилчү жөлөк пулга байланыштырат.

«Майыптыгына карабай үй жумуштарын ага кылдырат. Карындашымды мен бага албасам да, таенем менен калгандан көрө социалдык мекемелер же майыптар үйүндө калса мен кубанам», — деген Артыкбек уулу.

Ал карындашынын зордукталганын билгенден кийин аны алып кетүүгө аракеттенген, бирок таенеси кызды сабап, аны менен бирге кетүүгө жол берген эмес. Бул окуяны Артыкбек уулу видеого тартып алган.

Тасмадан таенеси кызды чачтан алып, башка чапкылап, «Мен өлгөндө кетесиң! Мен кетирбейм!» деп тилдеп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, майып кызды буту менен тээп, «эч жакка кетпейсиң!» деп айтканы угулат. Мындан сырткары, таятасы «жакшы айтып жатам, төркү үйгө кир! Сен биз өлгөндө кетесиң» деп буйрук бергенин видеодо угулат.

Дисклеймер: Этият болуңуз! Видеодо зордук-зомбулуктун элементтери бар.

«Клооптун» кабарчысына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя Жалал-Абадда орун алганын тастыктады. Ошондой эле, учурда бул окуя боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирип, кошумча маалымат берилерин убадалады.

Буга чейин 2-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунун 36 жаштагы тургуну өз кызын зордуктоого шектелип кармалган. Тиешелүү арыз менен 19 жаштагы кыз кайрылган.

Жабырлануучунун айтымында, атасы аны биринчи жолу 2019-жылы зордуктаган. Ал эми акыркы кылмыш үстүбүздөгү жылдын 1-февралында болгон. Окуя тууралуу кыз апасына айтып бергенден кийин алар милицияга кайрылышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси менен катталды. Шектүү Бишкек ШИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.