Аламүдүн: Атасы зордуктаганын айтып 19 жаштагы кыз милицияга арыз жазды

Шектүү. Сүрөт: ИИМ

Чүй облусунун Аламүдүн районунун 36 жаштагы тургуну 2-февралда өз кызын зордуктоого шектелип кармалды. Тиешелүү арыз менен 19 жаштагы кыз кайрылган.

Жабырлануучунун айтымында, атасы аны биринчи жолу 2019-жылы зордуктаган. Ал эми акыркы кылмыш үстүбүздөгү жылдын 1-февралында саат 17:00 чамасында болгон. Окуя тууралуу кыз апасына айтып бергенден кийин алар милицияга кайрылышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси менен катталды. Милиция тарабынан айыпталуучу январдын ортолорунда Оруссиядан келип, үй-бүлөсү менен жашап келгени аныкталган.

Шектүү Бишкек ШИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргызстанда өз атасы же өгөй атасы, бир туугандары же кошуналары тарабынан зордукталган кыздардын окуялары буга чейин да катталып келген.

Өткөн жылдын декабрында Токмок шаарынын тургуну 15 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалган. Кийинчерээк жабырлануучу адвокаттынан баш тартканы белгилүү болгон.

Мындан тышкары Ош облусунун Ноокат районунда 6 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлүү деп анын кошунасы табылган. Сот айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Бирок өкүм даттанылган.

Өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук

ИИМдин басма сөз кызматы жыл башында билдиргендей, Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен.

Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилейт. Мындан улам ИИМ ата-энелерди балдарын эркек кишилер менен жалгыз калтырбагыла деп кеңеш берет. Ким болбосун, алысырак туугандар болсо деле ушул эрежени балдарга үйрөтүү керек.

«Балдардын уюлдук телефонуна “Менин аймактык инспекторум” жана “112 Кыргызстан” колдонмолорун орнотуп бериңиз. Бул колдонмолор жардам керектиги тууралуу билдирүү жөнөтүүгө жана өзгөчө кырдаал жаралса эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат алууга жардам берет», – деп айтылган билдирүүдө.

Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук учурлары жылда катталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 4 айында эле Кыргызстанда 24 жашы жете элек балага карата сексуалдык зомбулук жасалган.

Ошондой эле, ведомствонун маалыматына караганда, 2018-жылдын аягы, 2019-жылдын башында жүргөн эки айлык үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгында балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган 55 факты катталган. Балдар өздөрү эч жакта каттоого алынган эмес.

Ушул 55 фактынын ичинен 27 учуру — такай болуп турган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук. Эки же үч киши кыздарды 10-12 жыл бою зордуктаган фактылар болгону белгиленген.