Кочкордо мал уурдоону «кесипке айлантып алган» эки шектүү кармалды

Мал уурдоону кесипке айлантып алган шектүү адамдар Нарын облусунун Кочкор РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы «Клоопко» билдирди.

Ага ылайык, 1-февралда укук коргоо кызматкерлери тарабынан атайын мал уурулукка каршы иш чаранын жүрүшүндө Кочкор районунун аймагында көптөн бери мал уурулук кылып жүрөт деген шек менен 33 жаштагы Ш.Б жана Д.М. аттуу жарандар кармалган. Алар Кочкор РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр жалпы 17 ирет уурулукка барып, 24 мал уурдаганы аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мал уурулук беренеси менен катталып, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аймактагы Юрьевка айылындагы мал уурдоо шектүү катары эки өспүрүмдү кармаган.