Өлкөдө 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага түштү — ЭБКУБ

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун (ЭБКУБ) башчысы Камчыбек Узакбаев «Азаттыкка» курган маегинде Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылганын билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын 15инин диагнозу тастыкталып, дагы 13 бала диагноздон өтүүдө.

«Бирок булардын диагнозу тастыкталбайт деп ойлойм. Оорулуулардын абалы туруктуу оор. Өтө оор абалдагылар да болгон, учурда алардын абалы турукташты. Бейтаптардын жаш курагы — 2 жаштан 16 жашка чейин. Алар бизге республиканын жети дубанынан келип түштү», — деди Узакбаев.

Ал Кавасаки сымал синдрому коронавирус менен ооругандан кийин, же сепсистен кийин пайда болорун белгиледи.

«Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандарды да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда», — деп белгиледи ал.

Анын айтымында, бул ооруга чалдыкканда биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр, тери системасы жабыркап, баш оору жана башка ушул сыяктуу көптөгөн көрүнүштөр пайда боло баштайт.

Кавасаки синдрому

Кавасаки синдрому — бир жаштан сегиз жашка чейинки балдарда курч мүнөздүү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандан кийинки оорлошуу катары пайда болгон аутоиммундук оору. Диагнозу — коронардык артериялардын системдик васкулити — диагнозду клиницист врач гана коё алат.

2020-жылы сентябрда Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик тобу балдар арасындагы COVID-19га байланыштуу болгон көп системдүү сезгенүү синдромун дарылоо протоколун иштеп чыгарарын билдирген.

Алгач Кавасаки оорусуна окшош синдром улуулардын арасындагы коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча убактылуу нускаманын өзүнчө төртүнчү бөлүмүндө баяндалган.

Медиктер балдарда мульти сезгенген синдромду май айында эле COVID-19 менен байланыштырышкан, ал учурда бул кошумча оору коронавирус жуктурган ондогон британиялык жана америкалык балдарда катталган. Синдромдун негизги белгилери: дене таптын жогору болушу, кызамык, көздүн кызылданышы, шишик жана дене сөөктөрүнүн какшып ооруусу.

Британиялык педиатрлар болжошкондой, бул балдардын иммунитетинин вируска каршы кечигип реакция кылуусунун белгилери жана ал башка оорунун симптомдорун — Кавасакинин синдромун эске салат. Бирок эки синдромдун айырмасы Кавасаки оорусу дээрлик беш жашка чейинки балдарда гана кездешкенинде турат. Ал эми мульти сезгенген синдромдун белгилери 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдө байкалган.

9-февралга карата маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 150дөн ашык бала пневмония диагнозу менен стационарларда дарыланууда. Алардын ичинен 20дан ашыгы оор абалда.