Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны Медер Карабаев жетектейт

Медер Карабаев

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилик кызматынан бошотулду. Анын ордуна Медер Карабаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койду.

Карабаев буга чейин ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында иштеген.

Токталиевди аталган кызматка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган маалда дайындаган. Анткен менен Токталиевдин дайындалышына мамкомиссиянын кызматкерлери нааразы болушкан. Жамаат адвокат комиссияны башкара албайт деп эсептеген.

Анткени ал көп жылдар бою экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгү үчүн соттолгондорго адвокат болгонун, ал кызыкчылыгын коргогондордун арасында Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» жана «Жайшуль-Махди» уюмдарынын мүчөлөрү бар экенин кошумчалашкан.

Мындан сырткары Токталиев 2005-жылы болгон «Жоогазын революциясынан» кийин өзүн мурдагы президент Аскар Акаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары тааныштырган.