Бишкектин чет жакасында турак үй жарылды. 13 жаштагы бала каза таап, бир адам жабыркады

Бишкектен алыс эмес жайгашкан Аламүдүн районундагы айылда турак үй жарылды. ӨКМдин маалыматы боюнча, жаратылыш газынын түтүгү жарылган. Кырсыктан улам 2007-жылы туулган бир өспүрүм бала каза таап, дагы бир киши жабыркаган.

ӨКМдин басма сөз кызматы жабыркаган адам жеке унаа менен ооруканага жеткирилип, учурда анын абалы «канааттандырарлык» экенин маалымдады. Каза тапкан өспүрүмдүн сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жарылуу 15:00дө Аламүдүн районунун ГЭС-2 айлындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Окуя катталган жерге дароо Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, дагы Штаб жана Газ кызматынан 1 бригада тартылган.

Sputnik Кыргызстан басылмасы маалымдагандай, жарылуудан улам 79 жаштагы аял жабыркап, 4-шаардык ооруканага жеткирилген.