«Бюджеттик акчаларды менчиктөө». Депутат Бакировдун тууганы үй камагына чыкты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү боюнча муниципалдык ишкананын мурдагы директору Төлөнбек Бакировду кармады. Бакиров «мамлекетке ири өлчөмдө зыян» келтирген деп шектелүүдө.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бакиров жетектеген ишкана 2020-жылдын март айында көчөт сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Тендердик комиссия эгинди эң төмөн баа менен сунуштаган жеке компанияны тандаган.

«Бирок, сатып алуучу тарап менен алдын-ала макулдашып, көчөттөрдүн көрсөтүлгөн сортунун ордуна, бир даанасы 742 сом турган көчөт жеткирилген. Мамлекеттик бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирилген», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Териштирүү учурунда Бакиров күнөөнү толугу менен моюндап, келтирилген зыянды төлөп берген. Ал эми 10-февралда Жалал-Абад шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Төлөнбек Бакиров депутат жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакировдун бир тууганы. Депутат «Кабарлар» басылмасына «тергөө кантип жүргөнүнө кызыкпаганын» билдирди.

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекетке келтирген зыянды төлөгөн аткаминерлер жоопкерчиликтен бошотулбай турганын билдирген. Зулушевдин айтымында, айыпталгандар тергөө учурунда абакта жатпаш үчүн тергөө менен кызматташууга барып, келтирген чыгымдын ордун толтуруп берип жатышат.