Кыргызстанга 17 кг зер буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы контрабандалык жол менен алтын зер буюмдарды «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы текшерүүсүнө кирбей өтүүгө аракет кылган 40 жаштагы жаранды кармады.

Аэропорттон жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдары табылды.

Учурда кармалган жаранга карата сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевдин ири өлчөмдөгү зер буюмдарды аткезчилик жолу менен ташып өтүүгө тиешеси бар экени аныкталган.

Ошондой эле, Сүйүмбаев бир нече жолу суракка чакырылган, бирок ал келбегенинен улам «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Экономикалык аткезчилик» беренелери менен сыртынан шектелип, издөө жарыяланган.

2019-жылдын март айында эле Аскер прокуратурасы зер буюмдарды контрабанда жолу менен алып өтүүгө байланышкан бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Кылмыш иштеринин бирине ылайык, 2017-жылы өлкөгө 22 кг алтын аткезчилик жолу менен киргизилген. УКМКнын жетекчилиги бул иш боюнча сотко чейинки текшерүүнү токтотуу жана алтынды кайтарып берүү тууралуу мыйзамсыз тапшырма берген.2017-жылы УКМКны Абдил Сегизбаев башкарып турган, ал эми орун басары Дүйшөнбек Чоткараев болгон.