Ошто эки окуучуну бычактаган үч жигит кармалды

Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектебинин эки окуучусун бычактаган үч тургун кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, сурак учурунда бычак сайган жигит жасаган кылмышын моюндады.

«Бычак саюуга шектелип кармалган жигит Алай районунда туулган. Ал 16 жашта. Колго түшкөн учурда шектүүнүн жанында кастет болгон. Ал бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен сөз айтыша кеткендиктен баргандыгын айтып берди. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген», — деп билдиришти Ош ШИИБден.

Ошондой эле, милициядан сотко чейинки тергөө ишинин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Буга чейин калаадагы №7 Нариман атындагы мектептин 10-класстын эки окуучусу бычакталып, ооруканага жеткирилгени кабарланган. Алардын бирөө ооруканада каза тапкан, экинчи окуучуга операция жасалган. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашкан.

Окуя аталган мектептин жанындагы «Ареопаг» дүкөнүнүн артында болгон. Кылмышка күбө болгон жабырлануучулардын классташтары окуянын чоо-жайын айтып беришкен. Күбөлөрдүн айтымында, алар келе жатканда үч бейтааныш бала чыгып, «эмнеге күлүп жатасыңар?» деп эки баланы «сүйлөшүүгө» чакырган.

Андан соң бейтааныш балдар бир окуучуга эки жолу, экинчисине бир жолу бычак сайып качып кетишкен. Жарадар болгон балдарды жана эки күбө кызды милиция кызматкери унаасы менен ооруканага алып кеткен.

Тема боюнча:

Ошто эки окуучу бычакталып, бирөө каза болду