Акыркы суткада коронавирустун жаңы 70 учуру катталды, эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 12-февралда коронавирустун жаңы 70 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 37;

Чүй облусу — 4;

Жалал-Абад облусу — 4;

Ысык-Көл облусунда — 11;

Нарын облусу — 4;

Ош облусу — 4;

Ош шаары — 1;

Талас облусу — 3;

Баткен облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 398ге жетти.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 212.

Ошондой эле, акыркы суткада 92 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 38, Чүй облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 3, Ош облусунда — 2, Ош шаарында — 3, Ысык-Көл облусунда — 13, Талас облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 098 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 430 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 24 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 496 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Чүй жана Нарын облустарынан бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 439 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча Бишкек шаарында эмгектенген эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 194кө жетти, анын ичинен 4 113 медкызматкер илдеттен айыкты.